16-майда Талас шаарындагы А.Огомбаев
атындагы музыкалык мектепте “Хип-Хоуп” аттуу бий
фестивалы болуп өттү. Аталган фестиваль “Жаштар үмүтү” коомдук фонду тарабынан
уюшулуп, ага облустагы ар бир райондун мектеп окуучулары келип катышты. Мындан
тышкары АКШдан атайын коноктор келишип, өз өнөрлөрүн тартуулашты. 1-орун үчүн 5000
сом сыйлык, башка орундарга атайын сертификаттар
тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарадан түшкөн
каражат Манас районунун Покровка айылындагы балдардын жатак үйүнө которулмакчы.