Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 17-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Урицкий, Ат-Башы, Жаш Гвардия, Үч-Коргон, Серпухов көчөлөрүндө, Сокулук районуна караштуу Төш-Булак, Бөрүлү, Саз, Октябрь, Асыл-Таш, Биринчи Май, Жаңы-Турмуш айылдарында жана Аламүдүн районундагы Аламүдүн, Лебединовка айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Жайыл районуна караштуу Алексеевка, Ири-Суу айылында, Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.

     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан