Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында мугалим порнографиялык тасмаларга тартылууну токтотуу талабына баш ийбеди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, мектептин жетекчилиги мугалим Нина Скайга чоңдор үчүн тасмаларга тартылууну таштоону талап кылып, батир маселесин чечүүгө жардам берүүнү сунуштаган. Бирок ал мындан баш тартканы үчүн жумуштан айдалган. Окуу жайдын жетекчилиги мындай чечимин "порнотасмаларга тартылуу мугалимдердин моралдык кодексине туура келбейт" деп түшүндүргөн.
Нина Скай чоңдор үчүн тасмаларга тартылуу кыялындагы жумуш экенин айтты. "Эң биринчи тасмага тартылганым үчүн 2500 доллар алгам, буга чейин мага эч ким мынча акча берген эмес", - деди Скай.