Алмазбек Атамбаев жер көчкү апаатына байланыштуу Кытай жетекчилигине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев жер көчкү апаатына байланыштуу Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзинпинге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты, жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалады.

Айта кетсек, Кытайдагы тынбай жааган жамгырдын кесепетинен улам Сычуань провинциясына жакын Деси шаарынын Синьмо кыштагында жер көчүп, 40 турак үйдү басып калган. Акыркы маалыматтар боюнча көчкүнүн алдында калып дайынсыз болгондордун саны 200гө жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан