ЖЫЛНААМА, 28-ИЮНЬ: Адамзат үчүн Марска шарт түзүүнү кыялданган ойлоп табуучу Илон Маск 46га чыкты. Ал тууралуу 5 кызыктуу факт

Мындан 46 жыл мурун, 1971-жылы 28-июнда ойлоп табуучу Илон Маск Түштүк Африкадагы Преторияда туулган. Келечектеги гений кичинекей кезинде мектепке өзүн кыйнап барчу. Анткени анын ата-энеси бир жерден экинчи жерге көчө беришкен. Канадада окуп кийинчерээк Пенсильваниядагы жогорку окуу жайларынын бирине өткөн. Келечектеги ойлоп табуучу 23 жашында "Zip 2" (маалыматтарды камсыздоо программалары менен иштечү) аталышындагы 308 миллион долларга бааланган компанияны негиздеген. Учурда көпчүлүк ойлоп табуучулар интернет менен гана чектелип калса, бул ойлоп табуучу глобалдуу нерселерди ойлонот. Анын айдоочусуз өзү башкарылган Теsla унаалары, космоско уча турган ракеталарды чыгарган "SpaceХ" компаниясы жана Жер шарын толук интернет менен камсыз кылуучу "PayPal" компаниясы сөзгө татыйт.

АКШнын жылдыздуу мырзаларын толуктаган Илон Маск учурда Голливуд актрисасы Эмбер Хёрд менен мамиледе.

Илон Маск тууралуу кызыктуу 5 факт:

  • 12 жашында өзү теңдүү балдар эч нерсе менен капары жок жүргөн кезде Маск компьютер оюндарын ойлоп тапкан. Ал долбоорун 500 долларга баалаган. Өспүрүм сатыктан түшкөн акчаны фармацевттик компаниянын акциясына короткон.
  • Дональд Трамп АКШнын президенти болуп шайланганда Маск аны "бул орунга татыксыз" деп эсептеген. Бирок учурда ал президенттин кеңешчиси.
  • Ал 2 жолу үйлөнүп, 2 жолу ажырашкан. Биринчи жубайынан 5 уулу бар.
  • Миллиардердин айтымында, акылдуу адамдар көп балалуу болушу керек. Анткени ата-энесине окшош болушат.
  • Ал Жер шарын толук кандуу интернет менен камсыздай ала турган 700гө жакын майда спутниктерди орбитага жиберсе, эми Жер шары менен Марс планетасынын ортосундагы интернет байланышты жасоону пландаштырууда.

28-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kychan.98
2017-06-28 20:53:58
Маладес(болор бала богунан болот бычак сабынан дейт).
+3
Ulanbek1992
2017-06-29 00:56:56
Чыныгы Тони Старк деп айтышат (6чы факт)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан