Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевский сотто көрсөтмө берүүдө.
Маевский Текебаев "Мегаком" боюнча берген убадасын аткарбай, алган акчаны да кайтарып бербей койгонун айтууда. "Мен убаданы аткарбай коюшканда "убаданы аткаргыла, бизнесте мындай учурлар болуп турат" деп айткам. Текебаев 600 миң доллар бар, ушуну алып тур деген. Москвага учуп кеттим, телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз дедик. Текебаев өлкөдө жетекчилердин бири болгондуктан, саясий абал жакшы эмес болуп тургандыктан мен баары жайына түшсө ишке ашат деген ойдо кеткем. Кийин дагы Бишкекке келдим. Чоң бөлмөдөн жолугуштук. Ал жерге Абдрахманов кирип келди. Ал кирип келгенде Текебаев өзүн ишенимдүү сезип калды. Анан ал экөө кыргызча сүйлөшүштү. Кийин ал чыгып кетти. Текебаев менен акчаны кайтарып берүү маселесин сүйлөштүк. Бирок Текебаев "өлкөдө мен кожоюнмун, керек болсо Москвага кетериӊде сенин баштыгыӊа баӊгизат салдырып, сени Орусиянын мыйзамдары менен камакка отургузуп коём. Акчаңды бербейм, билгениңди кыл" деп койду", - деди Маевский.