Чилиде бейтапка операция жасоо учурунда футбол көргөн дарыгерлерге чара көрүлөт

29-июнга караган түнү Орусиянын Казань шаарында Конфедерация кубогунун алкагында футбол боюнча Чили менен Португалия беттешкен. Бул оюнду колу боштор гана эмес, жумуш маалында көргөндөр да болгон. Оюн бүткөндөн кийин интернетте Чилинин дарыгерлери операция учурунда футбол көрүп жатканы жана өз курама командасынын ийгилигине кубанган видеосу тараган. Бул видео учурда кызуу талкууга алынууда.

Аталган оорукананын жетекчилиги дарыгерлердин мындай аракети туура эмес экендигин айтып, кызматтык териштирүү жүрүп жатканын жана керектүү чара көрүлөрүн билдирген. Ошондой эле операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын абалы канааттандырарлык экенин кошумчалаган.

Чилиде хирургдар операция учурунда футбол көрүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aika2015
2017-06-30 19:43:32
Кубанып кеткенде жакшы жасай калышты да.А эгер ошол команда женилип калганда бейтап олуп калмак беле.
+7
Hurem
2017-06-30 22:22:50
Операция кылган жакта телевизор турганына караганда бул биринчи жолу эмес болуш керек. Директору деле билсе керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан