Ырчы Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков менен кошо ууланды делген дагы бир бала ооруканада дарыланууда. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.
"Тоого чыгып белгисиз себептерден ууланган балдардын бири райондук бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Ал 30-июнь күнү түшкү саат 4 чамасында алып келинген. Учурда канынан анализдер алынып, текшерилүүдө. Азырынча эмнеден ууланды, окуя кандай болгону белгисиз. Ал эми Канат Наматбеков үйүнө келгенден кийин уктаган боюнча каза болуп калыптыр", - деп билдирди Дүйшөналиева.
Ал эми райондук оорукананын башкы дарыгери да бейтапканага түшкөн адам ууланганын айтты.
Эске салсак, буга чейин Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков каза болгону айтылган.