"Салам, Нью-Йорк!" тасмасы Түштүк Кореяда коюлат

"Салам, Нью-Йорк!" тасмасы 26-майда Түштүк Кореянын Сеул жана Пусан шаарларында коюлат. Бул тууралуу аталган тасманы жаратуучулар билдирди.  

 

“Тасманы аталган өлкөгө коюунун максаты - ал жакта жашаган кыргыздарга кандайдыр бир деңгээлде тарбиялык жактан таасир этүү болуп саналат. Тасма кыргыз тилинде мейманканалардын биринде коюлмакчы. Болжол менен эки жүздөй адам келет деген ойдобуз”,- дейт уюштуруучулардын бири Замир Мединов.

 

Бул шаарларга коюлгандан кийин тасма Түштүк Кореянын Чанвон деген шаарына да коюлат. Билет баасы 10 доллардан болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuriik
2013-05-17 18:02:31
andan kiyin bizde 8-junida Germaniada koiulat )
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан