ЖКнын тийиштүү комитети өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётун канааттандырарлык деп тапты
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётун канааттандырарлык деп тапты. Талкуу учурунда депутаттар айрым министрликтердин кемчиликтерин да баса белгилешти. Айта кетсек, өкмөттүн 2012-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчёту Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 23-май күнү каралат.