Бүгүн, 6-июлда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын, Пакистандын өкмөт башчылары жана Ооганстан менен Тажикстандын президенттеринин катышуусунда "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу жолдору талкууланат. Жыйынга катышуу үчүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарына учуп барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Аны аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Азим Иброхим тосуп алды.
Маалым болгондой, Жээнбеков сапар алкагында Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушуу өткөрөт.
Долбоорду курууга 1,17 миллиард доллар жумшалса, Кыргыз мамлекети республикалык бюджеттен эмес, эл аралык каржы уюмдары тарабынан берилүүчү 233 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат гана жумшайт. Долбоор ишке ашса Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттойт.