АКШнын Нью-Гэмпшир штатында жашаган 58 жаштагы Молли Фалко генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгү менен жашап жатканына бир жыл толду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, аял бөйрөк оорусунан улам операцияга чейин 11 ай диализ алды. Трансплантациядан кийин ал күнүмдүк жашоосуна кайтып, унаа айдап, үй-бүлөсүнө тамак жасап баштады. Учурда чочконун бөйрөгү өз милдетин аткарып жатат.
Адистер бул ыкма донордук органдардын жетишсиздигин чечүүгө жардам бериши мүмкүн экенин белгилешет. Бирок технология азырынча эксперименталдык баскычта. АКШда 2027-жылдын январында 33 бейтаптын катышуусунда клиникалык сыноолорду баштоо пландалууда.