Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жаңжалдашкан эки кыз майда бейбаштык боюнча жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда эки кыздын бири-бирин сөгүп, урушуп жаткан видеосу аныкталган.
Милиция кызматкерлери алардын өздүгүн такташкан. Алар Н.Н. жана И.А. аттуу жарандар болуп чыккан. Эки кыз тең териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн.
Милиция жарандарды коомдук жайларда тартипти сактоого, бири-бирин сыйлоого жана чыр-чатактарды күч колдонуу же сөгүнүү жолу менен чечүүдөн алыс болууга чакырды.