“Президенттик шайлоого таанылуу үчүн ат салышып жаткан жокмун, өтөйүн деп коюп жатам”, - деди бүгүн, 6-июлда “Адам укугу” партиясынын курултайында экс-акыйкатчы Турсунбек Акун.
Ал Кытайга өткөн Үзөңгү-Куушту жана Казакстанга өтүп кеткен Каркыраны кайтарып алуу негизги максаты экенин айтты.
“Бүгүн жөн эле күн эмес, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү. Мен бул нерсени бекеринен айтып жаткан жокмун. Назарбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп, Каркыраны кайтарса болот. Ал киши “Манас” эпосундагы Көкөтөйдүн ашы ошол жерде өткөнүн билет. Ошол кезде казак тарапка өткөрүп жиберген спикер азыр кыйын сүйлөп жүрөт. Башка өлкөгө өтүп кеткен жерлерди кайтарып алуу колубуздан келет”, - деди ал.
Ошондой эле ал "темирдей бекем тартип орнотом" деген талапкерлердин айтканы туура эмес экенин айтты. “Мамлекет башкарам деген талапкердин "темирдей тартип орнотом" дегени туура эмес. Аты эле Темир болсо темирдей тартип орнотом деген болбойт”, - дейт.
Курултайга Кыргызстан коммунистер партиясынын лидери Клара Ажыбекова, коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков, саясий серепчи Жумакадыр Акенеев жана аталган партиянын мүчөлөрү, Кыргыз мамлекетинин аймактарынан делегаттар катышууда.