Бүгүн, 6-июлда коомдук саясий ишмер, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов маалымат каражаттары аркылуу президенттик шайлоого катыша турган бардык талапкерлерге кайрылуу жасады. Өз сөзүндө ал Башкы прокуратура мыйзам бузуп жатканын белгилеп өттү.
“Учурда Башкы прокуратура баш мыйзамды өзү бузуп жатат. Бүгүн кайсы бир жаран же маалымат каражаты сын айтса, дароо анын бизнесин бууп, мүлктөрүн камакка алып, чет жакка чыгарбай, айып салып жатат.
Менин оюмча президент Башкы прокуратура аркылуу тартылып алынган, камалган мүлктөрдү ээлерине кайтарып бериши керек”, - деди Феликс Кулов.