Боорун алмаштырууга мажбур болгон Гүлзада Арыновага коомчулуктан 8 миң доллар жардам чогулду

Көп жылдан бери альвеококкоз оорусу менен алышып келе жаткан Гүлзада Арынованын абалы жөнүндө маалымат SUPER.KG порталына жарыялангандан кийин көптөгөн адамдар кайрымдуулук кылып, акчалай жардам берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Арынова айтып берди.

"Абалымдын оорлошуп жатканынан улам тууган-урук, үй-бүлөм менен SUPER.KG порталы аркылуу коомчулуктан каражат жагынан жардам сурап кайрылган элек. Мунун негизинде бир топ акча чогулуп калды. Мага аты-жөнү белгисиз адам келип 35 миң сом таштап кетти. Аз убакыттан кийин дагы бир кайрымдуу адам келип 30 миң сом берди. Мындан сырткары бир топ адамдар жардам берип жатышат. Учурда 8 миң доллар чогулду. Буга чейин операцияны Индияда 45 миң долларга жасатууну пландап жаткан элем. Андан бери дарыгерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп Орусиянын Нижний Новгород шаарында операция жасатууну чечтик. Буга дарыгерлер 12-13 миң доллар керектелет деп жатышат", - деп билдирди Арынова.

Учурда Гүлзада Арынованын үй-бүлөсү мал-жандыгын сатып, үйүн күрөөгө коюу үчүн документтерин даярдоодо. Керектүү каражат чогулса ушул айдын ичинде Орусияга жөнөп кетүүнү көздөп жатат.

"Орусиядагы балдарым иштеген айлыгын мага деп чогултуп жатышат. Алар да башкаларга окшоп кара жумушта иштешет", - деп кошумчалады каарманыбыз.

Эске салсак, буга чейин альвеококкоз дартына кабылып, көп азап чеккен Арынованын абалы күн сайын оорлошуп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2017-07-06 14:51:03
Аллах шыпаасын берсин!
0
grace
2017-07-06 15:34:33
"Көп түкүрсө - көл"-деген ушу да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан