Ош облусуна караштуу Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда катталган табият кырсыктарынан жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн чогулган каражат атайын райондук администрациялардын эсептерине которулду. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-июлда таратты. Тактап айтканда, ӨКМнын эсебине чогулган сумманы райондордогу Жарандык коргоо боюнча аймактык комиссиялар жабыркагандарга бөлүштүрүп бермекчи.
2017-жылдын 27-июнуна карата ӨКМнын атайын эсебине Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн жалпы 24 миллион 632 миң 188 сом чогулган. Анын 24 миллион 632 миң 188 сому райондук мекемелер аралык комиссиянын чечими менен Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациянын эсебине которулду. Ал эми Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркагандар үчүн жалпы 26 миллион 331 миң 11 сом 95 тыйын чогулган. Анын 7 миллион 200 миң сому мекемелер аралык комиссиянын чечими менен Өзгөн райондук администрациясынын эсебине которулган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда жер титиреп жана көчкү жүрүп ондогон үй-бүлөлөр оор жоготууларга учураган. Кырсыктан улам кайдыгер карабаган жарандардын жардам берүүсү үчүн ӨКМ атайын эсеп ачкан. Учурда аталган эсеп жабыла электигин аталган министрлик эскертет.
Бүгүнкү күндө ӨКМнын атайын эсебинде: Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогулган каражаттын 832 миң 562 сому бар. Ал эми Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жапа чеккендер үчүн чогулган каражаттын 20 миллион 5 миң 409 сому бар.