Шашылыш билдирүү! 7-8-9-июлда кургак жана нормадан жогору ысык аба ырайы күтүлөт

2017-жылдын 7-9-июлдарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-июлда билдирди.

"Көпчүлүк аймактарда абанын орточо температурасы климаттык нормадан 6...8°C жогору болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 20...25°C, күндүз 37…42°C жылуулукка чейин жогорулоосу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15...20°C, күндүз 30…35°C, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15°C, күндүз 32...37°C`ка чейин көтөрүлүшү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Аба ырайынын мындай ченемден тышкары ысык болгон учурда денени күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Ал эми күндүн ысыгынан сактануу боюнча адистерден кеңешти бул жерден окусаӊыз болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bekhaliev
2017-07-07 11:26:17
Супер инфо ЫСЫК.же ЫССЫК бы
-8
sladkaja_konfetka
2017-07-07 11:40:38
bekhaliev,Ысык деп жазылат, кыргыз тилинин грамматикасы боюнча
+1
kechirmeni
2017-07-07 11:43:20
bekhaliev,ысык эле болот. Кочо тилинде кучотуу учун ыссык деп айтабыз.
+1
casperr
2017-07-07 11:34:31
Ушу ката тапканды эле жакшы көрөсүңөр е
+2
bekhaliev
2017-07-07 12:24:16
casperr,билип алган жакшыда
+1
bosmos777
2017-07-07 11:45:31
Ушул ысыкты Москва менен болушуп койунуздар!!! Ушудук !!!
+9
sladkaja_konfetka
2017-07-07 12:29:34
bosmos777,силер бизге жамгыр жибергиле))) салкын аба ырайын кошуп...
+3
Patriot7
2017-07-07 11:56:14
Колго сапар тарткандар жыргайт экен да, суу жылуу болуп...
0
mem77
2017-07-07 11:56:41
Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караган Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары 3 күндөн бери суусуз жашап жатышат. Анткени айыл тургундарына алдын-ала эч кандай маалымат бербей туруп, счетчик коюлган эмес деген шылтоо менен үйлөргө кирген сууну кыркып салышкан. Эң кызыгы, буга чейин счетчик орнотушуңар керек деген маалымат элге жеткирилген эмес.
Эгерде ушул ысыкта кары-картаң адамдардын кан басымы жогорулап кетип, муздак сууга жетпей калса ким жооп берет?
+6
sladkaja_konfetka
2017-07-07 12:31:50
Чүй областынын кичи шаарчаларындагы кабат үйлөрдө да таза суу бат баттан өчүрүлүп турат экен. Себеби, таза сууну шланг менен огороддорго жайып коюшат. Кабат үйлөр суусуз отурушат...
+1
suiun_ramis2017
2017-07-07 12:32:15
Өзү негизи күндүн температурасы 40 градустан жогору болгондо, мамлекет суу таратса керек
+1
Izdeim_seni.
2017-07-07 12:36:04
ussssssssyk
0
Gensek
2017-07-07 12:53:09
40 градустан отсо окмот акча толойт адам иштей албайтда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан