Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 6-июлдан 9-июлга чейин күн ысып, айрым жерлерде абанын температурасы 42 градуска чейин жетерин билдирген. Буга байланыштуу, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору күндүн ысыгынан сактануунун жолдорун сунуштайт.
Күн ысыган учурда денеңиз кенен дем ала турган, ачык түстөгү кийим кийиңиз. Албетте, баш кийимди да унутпаңыз (шляпа, панама, бейсболка ж.б.). Муну менен бирге күндүз Күндүн алдында көпкө көчөдө басууну кыскартыңыз. Бир күндө 2-3 литрден кем эмес суюктук ичиңиз. Ачык түстөгү Күндөн сактай турган кол чатыр колдонууну сунуштайбыз. Ал эми тамакты бат-бат жеп, жашылча-жемиштерден же кычкыл сүт азыктардан жасалган тамакка басым жасаңыз.
Балдарды, карыларды жана жаныбарларды бекитилген унаанын ичине жалгыз таштабаңыз. Эгерде өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз, жардамга чакырып же колуңуздан келген чараларды көрүңүз.
Күн нуруна кабылуунун белгилери:
Күндүн ысыгынан жабыркаган адамга жардам берүү тууралуу:
Күндүн ысыгынан жабыркаган адамга дароо "Тез жардам" чакыртып, медицина кызматкерлери келгиче биринчи жардамды көрсөткөнгө аракет кылыңыз.
Күн же күндүн ысыгында көп жүрүүдөн, ысыкта калың кийингенден жана жабык чакан имаратта оор жумуш кылуудан өтөт.