Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында ишти күчөтүү зарыл. Бул тууралуу 7-июлда президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраилов менен жолугушууда билдирди. Өлкө жетекчиси ички иштер органдарынын ишинин эффективдүүлүгү мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Исраилов мамлекет башчыга укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жана кылмыштардын бетин ачуунун динамикасы тууралуу айтып берди. Ошондой эле туристтик сезондо курорттук аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу, өлкөдөгү жол кырсыктарынын алдын алуу иштерин активдештирүү жаатында пикир алышуу болгонун маалымдады президенттик аппарат.