"Алтын сертификаттын" ээси Мээрим Абдукадырова: "Мен 225тен көп балл күткөм"

Ушул жылдын 5-июль күнү жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган 55 окуучуга президент Алмазбек Атамбаев "алтын сертификат", Ардак грамота, планшет жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырган. Мындай сыйлыкка Жалал-Абад шаарынан Мээрим Абдукадырова да татыктуу болду. Ал тесттен 225 балл топтоп, өлкөдөгү каалаган жогорку окуу жайдын каалаган факультетинен билим алууга мүмкүнчүлүк алды.

"Мен окуу жылынын башынан тартып эле жалпы республикалык тестке даярдана баштадым. Бирок 225тен да көп балл алам деп күткөм. Анткен менен бул көрсөткүчкө деле нааразы эмесмин", - дейт Мээрим.

Ал Жалал-Абад шаарындагы М.Н.Бабкин атындагы №1-мектеп-гимназиясын аяктаган. Келечекте дарыгер болууну тандап, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга тапшыра тургандыгын айтат.

"Президент менен жолугушуу мага абдан чоң стимул болду. Менин келечегим ушундай ийгилик менен башталды, эми өзүм каалаган ийгиликтерге жетишем деген ишеним пайда болду. Бара-бара жалпы республикалык тестирлөөдөн алыскы айылдардагы окуучулар да эң көп балл топтоп, мамлекет башчысынын белектерине ээ болот деп ойлойм", - деп кошумчалады Абдукадырова.

Бул жылы эң жогорку 236 баллга Бишкек шаарындагы №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Абай Жанузаков ээ болду. Ал эми Нарын шаарындагы А.Буйлаш уулу атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Бекзат Токтобеков лицей-гимназияда эмес, орто мектепте окуп деле жогорку балл топтоого мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaloshtalnarisbatchui
2017-07-08 10:32:25
Азаматсын
0
bek.94
2017-07-08 12:13:34
Атамбаевтен дагы узунго бою.
+1
Kuba-savai87
2017-07-08 14:55:41
Азаматсын келечек силердин колунарда, окуу жайды аяктап элге куйуп иштеген улан кыздардан болгула. Парасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан