ЖЫЛНААМА, 8-ИЮЛЬ: Америкалык ишкер, алгачкы миллиардер Жон Рокфеллер төрөлгөн

Америкалык ишкер, филантроп, алгачкы расмий миллиардер Жон Рокфеллер 1839-жылдын 8-июль күнү төрөлгөн.

1870-жылы Standard Oil ишканасын негиздеп, аны 1897-жылга чейин (пенсияга чыкканга чейин) жетектеген. Керосин менен күйүүчү майга талап чоң болгондуктан анын кирешеси өтө тездик менен өскөн. 1937-жылы ал дүйнөдөн кайткан кезде анын байлыгы 1,4 миллиард долларды түзгөн. Бул АКШнын ошол кездеги ички дүң продукциясынын 1,54 пайызы эле. Мындан 10 жыл мурунку эквивалентте анын байлыгы 305 миллиард доллар деп бааланат.

4 кыз 1 уулдун атасы Жон Рокфеллер өзү түзгөн Standard Oil компаниясынан тышкары 9 банктын, 16 темир жол компаниянын, 6 кеме, 9 риэлтордук фирманын жана 3 апельсин бакчасынын ээси болгон. 1937-жылдын 23-майында 97 жашында көз жумган.

8-июлга жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан