18-майда Бишкекте ЭлТР телеканалында эл аралык деңгээлде “Манас” фестивалы башталды. Саат 10:00дөн баштап кечки саат 00:00гө чейин түз эфирде 18 манасчы өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы.
Иш-чарага карата атайын боз үй тигилип, колдоруна бүркүт кондуруп отурган манасчылар дасторкон үстүндө кенен баарлашып алганга да үлгүрүшөт экен. Айтор, манасчылар буркан-шаркан түшө турган жай нукура улуттук колоритте жасалгаланыптыр. Ар бир облус менен болгон түз эфир башталгыча ак таңдай акындар алтын сөздөрүн төгүп да жатышты. Манасчылар Бишкектен сырткары Талас жана Ош облустарынан түз эфирге чыгышып, теле көпүрө катары фестиваль уланууда. Ал эми уюштуруучулардын бири, манасчы Рысбай Исаков фестивалга жалаң элге төбөсү көрүнүп калган, такшалган манасчылар катышып жатканын билдирди.
“Эртең, 19-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 15:00дө фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, катышуучуларды сыйлоо аземи болот. Учурдан пайдаланып демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Бул иш-чаранын максаты - "Манасты" элге жеткирип, манасчылардын жана элдин черин жазуу”,- дейт Исаков.