Социалдык өнүктүрүү министрлиги ишинин натыйжалуулугу боюнча алдынкы орунга чыкты

Социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдардын ичинен ишинин натыйжалуулугу боюнча алдынкы орунга чыкты. Мындай маалыматты Экономика министри мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө чыккан жыйынтыгында билдирди. Мындай жыйынтык жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө мамлекеттик органдар кандай таасир берип жаткандыгын билүү үчүн ар 9 ай сайын чыгарылып турат. Үстүбүздөгү жылдын акыркы тогуз айында 31 мамлекеттик органдын ичинен Социалдык өнүктүрүү министрлиги ишинин натыйжалуулугу үчүн эң алдынкы орунга чыкса, андан кийинки орунда Социалдык фонд турат. Ал эми акыркы орунду Өкмөттүн алдындагы экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы ээледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан