Пенсионер Анвар Сартаев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди

Бүгүн, 10-июлда пенсионер Анвар Сартаев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ал өрткө каршы кызматтын ардагерлеринин өкүлү жана “К.Асаналиев атындагы акыйкатчы институту” коомдук уюмунун төрагасы болуп жүрөт. Сартаев өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке аттанып жатат.

Эске салсак, 10-июлга карата президенттик шайлоого катышууга БШКга арыз бергендердин саны 19ге жетти. Алардын 16сы өзүн өзү көрсөтүү жолу менен, үчөө партия тарабынан көрсөтүлүп жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан