Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева 57 жашка толду. Ал 1960-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында туулган.
1978-жылы орто мектепти Кара-Балта шаарында аяктагандан кийин Кыргыз Мамлекеттик университетинин Экономика факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктап экономист адистигин алган.
Эмгек жолун 1980-жылы Калинин районунун райком комсомолунда бухгалтер болуп иштеп баштаган. 1984 жылы Калинин районунун «Союзпечать» агентствосунда бухгалтер болуп, ал жерде 10 жылдай иштеген. 1995-жылы «Асман-Тур» саякат жана аба жолдору менен жүк ташуучу компаниясын ачкан.
2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын депутаты болгон. 2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын “Ата Журт” идеалисттик-демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
2015-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутат болгон.
10-июлга карата жылнаама.