Бишкекте 11-июлда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайы өтүүдө. Жыйында делегаттар быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого партия лидери Адахан Мадумаровдун талапкерлигин бекитет. Курултайга партиянын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, активисттер жана башкалар катышып жатат.
Ошондой эле Ахматбек Келдибеков катышууда.
Партиянын саясий кеңеши президенттик шайлоого Мадумаровду көрсөтүү чечимин 6-июлда кабыл алганы айтылды.
2016-жылы саясатчылар Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибеков бириккенин жарыялашкан. Үчилтик президенттик жарышка жалгыз талапкер чыгарарын билдирип, бирок ким талапкер болорун бүгүнкү күнгө чейин ачыктабай келди. Бул арада Мадумаров да, Келдибеков да президенттикке талапкер болуу ниетин билдиришип, үчилтик бузулду деген жоромолдор чыккан.
Бүгүн үчилтиктин чечими расмий жарыяланат.