Рахман Разыков: "Сөз эркиндиги эч качан азыркыдай чектелген эмес"

Бишкекте 11-июлда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайы өтүүдө. Анда президенттикке Адахан Мадумаровдун талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.

Белгилүү куудул Рахман Разыков: "Мен биринчи жолу курултайга катышып жатам. Мадумаровдун бир өзгөчөлүгү - баарын алдын ала айтат. Мен мындан 6 жыл мурун "Кыргыз кайда баратат?" деп айтып чыкканда эч ким унчуккан эмес. 6 жылдан кийин президент "Биз кайда баратабыз?" деп чыкты. Сөз эркиндиги чектелүүдө, концерт берели десек зал бербей жатышат. Мындай нерсе эч качан болгон эмес. Чындыкты айткандар Жанарга (ред: Жанар Акаев) окшоп жаман көрүнүүдө. Шайлоодо сатылбайлы. Жакында өкмөттөн "театр куруп берели" деп телефон чалышыптыр. Мен "эмне, шайлоо жакындап калдыбы?" дедим. Куудулдарга театр керек деп качантан бери кыйкырып жүрөм, эми эстешиптир. Бул жолку шайлоо башкача болушу керек", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан