Ахматбек Келдибеков: "Бийлик мыйзамды тебелесе биз да тебелешибиз керек"

Бишкекте 11-июлда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайы өтүүдө. Анда президенттикке Адахан Мадумаровдун талапкерлиги бекитилди.

Жыйында Мадумаровдун айрым тарапташтары Ташиев-Келдибеков-Мадумаров тандеминин өз өзүнчө кетерине нааразычылык билдиришти.

Мындан кийин Келдибеков: "Биз биргебиз, бийликке каршы күрөштү улантабыз. Болгону өз тактикабызды табышыбыз керек. Бийлик мыйзамды тебелесе, биз да мыйзамды тебелешибиз керек", - деди.

Келдибеков бүгүнкү курултайда 18-июлда "Ата Журт" партиясынын курултайы өтөрүн жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан