Казакстанда мамлекеттик кызматта 5 жыл иштебеген адамга президенттикке талапкер болууга тыюу салынды

Казакстанда мамлекеттик кызматта 5 жыл иштебеген адамга президенттикке талапкер болууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Аталган өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев мыйзамдарды Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайыктоо боюнча документке кол койду.

Анда катардагы жарандардын президенттикке талапкерлигин коюусуна тыюу салынат. Талапкер мамлекеттик кызматтарда 5 жылдан кем эмес тажрыйбага жана президенттик милдеттерди аткарууга тоскоолдук жаратчу ооруларынын жоктугун ырастаган документке ээ болушу шарт.

Мындан тышкары, Кылмыш кодексине террорчулук жана оор кылмыштар үчүн адамдарды жарандыктан ажыратуу нормасы да киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан