АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен тил табышканын билдирди. Бул тууралуу Трамп 13-июлда CBN телеканалына берген маегинде билдирди.
“Биздин тил табышып алганыбыз жаман эмес деп эсептейм. Бирок буга айрымдар каршы. Биз улуу өзөктүк державабыз. Көпчүлүк Путин менен жолугушуум эки жарым сааттан ашып кеткенине таң калып жатышат. Эгерде Орусия менен диалог жүргүзбөсөк эки өлкөгө тең көп көйгөйлөр жаралышы мүмкүн”, - дейт Трамп.
Эскерте кетсек, 7-июлда Германиянын Гамбург шаарында АКШнын жана Орусиянын президенттери алгачкы жолу жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүшкөн. Бул жолугушууга Путин ыраазы болгонун анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.