Бишкек шаардык соту Садыр Жапаров менен жубайынын жолугушуусуна уруксат бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди.
"Буга чейин Садыр Жапаровдун иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатканда райондук сот жолугушууга уруксат бербей келген. Акыркы жолу июль айынын аягында жолдошума жолугуп абалын сурап, үй-бүлө, балдарыбыз жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Август, сентябрь айында арыз жазып жактоочу менен биргеликте сотко кайрылгам, бирок жолугууга таптакыр уруксат бербей коюшту. Эми Бишкек шаардык соту да эч негизсиз уруксат бербей жатат. Негизи бир айда эки жолу жолугууга мыйзам жол берет", - деп билдирди Айгүл Асанбаева.
Белгилүү болгондой, Жазык аткаруу кодексинин 61-беренесинин негизинде соттолгон жаран менен жакын тууганы жолугууга уруксат берилет. (Туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусу менен берилет. Жубайы же жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен, ошондой эле алардын чөйрөсү түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен аныкталуучу башка адамдар менен жолугушууларга уруксат берилет).
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров учурда Бишкек шаарындагы №1-СИЗОдо кармалууда.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.