Эгемберди Эрматов маданиятка ким тийишсе, ал кыргыздын душманы экенин айтты

КРнын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов 2013-жылдын бюджетинин эсебинен министрликте 65 миллион 670 миң сом кыскартуу болгонун билдирди. Депутат Эгемберди Эрматов маданият тармагына кош көңүл мамиле болуп жатканына токтолуп, ушул кыскартууларды коррупциялык жолдорду таап чыгуу жолу менен жапса боло турганын баса белгиледи. "Дүйнөгө кыргыздын атын чыгарыш керек болгондо маданият кызматкерлерине барып жабышып калабыз, мактап-жактап. Ал эми алардын көйгөйүн чечүүгө жетиштүү көңүл бурбайбыз. Ошонун кесепетинен учурда маданият кризиси болуп жатат. Маданиятка ким тийишсе, аны кыргыз элинин душманы деп эсептеш керек" деди эл өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан