Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” Конституциялык мыйзамына кол койду.
Документ аркылуу прокуратура органдарынын айрым ыйгарым укуктары 2016-жылдын 11-декабрындагы кабыл алынган Конституциялык мыйзамга ылайык келтирилди.
Мыйзамга ылайык, башкы прокурор Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияда аныкталган тартипте кызмат ордунан четтетилген Кыргыз президентине, Жогорку Кеңештин депутаттарына, премьер-министрге, өкмөт мүчөлөрүнө, сотко, президенттик аппараттын жетекчилерине, акыйкатчыга жана башка учурдагы жана мурдагы жогорку кызматтагы бир топ жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгой алат.
Ал эми башкы прокурорго, анын орун басарларынын бири президенттин сунуштамасы жана Жогорку Кеңештин макулдугу аркылуу иш козгой алат.
Бул Конституциялык мыйзам 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (жалпы элдик добуш берүү менен) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы менен өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 чечими менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы №161 жарлыгы менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча комплекстүү чараларды аткаруу үчүн реалдуу негиз түзгөн Конституциянын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүлөр каралат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 1-жана 6-пункттарынын талаптары тиешелүү болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын тизмеги такталат.
2. Ушул мамлекеттик органдарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө бекитилет.
3.Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдарга көзөмөл жүргүзүүнү КРнын Башкы прокурору, ал ыйгарым укук берген Башкы прокуратуранын прокурорлору, ошондой эле райондордун прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор ишке ашырат.