Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарындагы №57-мектепте саат 11:00дө “Энелер күнүнө” карата энелерди сыйлоо аземи болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага 62 көп балалуу апалар чакырылган, алардын 32си “Баатыр эне” жана “Эне Даңкы” ордендерине ээ. Майрамдык кечеде концерттик программа тартууланып, энелерге материалдык жардам көргөзүлмөкчү.