Бүгүн, 17-июлда Туруктуу элдик кеңештин курултайында саясатчы Ахматбек Келдибеков Азимбек Бекназаровго кайрылып “2005-жылы башкага ордуңузду бербегенде сиз президент болмоксуз”, - деди.
Ал курултайда сүйлөгөндөрдүн 70 пайызы түрмөдө отуруп чыккандар экенин айтты.
“Тарыхта Кокон хандыгын Аксы жана Алай эли алмаштырган. 2010-жылы сиз аралашпаганда революция болбойт болчу. Сиз талапкерлигиңизди койгонго милдеттүүсүз, эгерде 2010-жылы өзүңүз болгондо сотторду сөкпөйт элек. Тажрыйба, күч дагы бар эле. Равшан Жээнбеков айткандай, бийликчилдердин курултайын милиция курчап жатканын айтты. Эртең биздин партия курултай өткөрөт. Милиция эки учурда курчайт экен. Коргогондо жана корккондо курчайт”, - деди ал.