Жантөрө Сатыбалдиев Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчиси менен жолугушту

18-май күнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчиси Игорь Финогенов менен жолугушуп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда премьер-министр Бишкекте Евразиялык банктын өкүлчүлүгү ачылганы канааттандырарлык экенин билдирди.  

 

“Банктын өкүлчүлүгүнүн ачылганы өлкөдөгү иш климатындагы жана банк секторундагы өнүгүүнү жакшыртууга алып келет. Банк менен тыгыз иштешүү бизге келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга жардам берерине ишенем”,- деди өкмөт башчы.  

 

Өз кезегинде Финогенов аталган банк кыргыз рыногуна олуттуу ниеттери менен жана узак убакытка чейин келгендигин билдирди. Анын айтымында, учурда банктын Кыргызстандагы иш алып баруусунун алгачкы жыйынтыктары байкалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан