Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүүдө. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков сөз сүйлөдү.
"Ташиев менен Келдибековду шайлоодо колдосок элге жакшы болот. Келдибеков менен чогуу иштегенбиз. Убагында элге пенсиянын ордуна көгөргөн ун берилип калган учурда Келдибеков Социалдык фонддун башчылыгына келип аны токтоткон. Парламент спикери катары эркин иштеди. Ташиев 2010-жылкы Июнь окуясында Жалал-Абадга барып алдыда жүрдү. Убактылуу өкмөткө зор жардам берди. Экөө тең бийликтин аркы жээгин көрүп чыгышты. Партиясы колдосо жеңишке жетишет", - деди Исаков.