ЖЫЛНААМА, 18-ИЮЛЬ: Коомдук-саясий ишмер Турсунбек Акун 58 жашка толду

Коомдук-саясий ишмер, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун 58 жашка толду. Ал 1959-жылы 18-июлда Нарын облусундагы мурдагы Калинин колхозунун аймагында туулган. Айыл чарба институтун ветеринар, ал эми Кыргыз улуттук унверситетинин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун эт комбинатта тери иштетүү бөлүмүндө баштаган.

1992-жылы "Кыргызстан укук коргоо кыймылын" негиздеген. 2008-жылы өлкөнүн Акыйкатчысы болуп шайланып, ант берген. 2013-жылы январь айында Жогорку Кеңеште депутаттардын көпчүлүк добушун алуу менен Акыйкатчы болуп кайрадан шайланган. Ал эми 2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш аны өз антын бузгандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу токтом кабыл алган.
18-июлдун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан