Таласта 18 жашка чейинки балдарды ата-энесиз көлмөлөргө түшүүгө милиция тыюу салды

Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдү өз алдынча сууга түшүүгө милиция тыюу салды. Бул туурасында SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин маалымат катчысы Динара Сарногоева билдирди.

"Талас облусунун аймагында жаш балдардын сууга чөгүп каза болгон фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу милиция кырсыктардын алдын алуу иштерин баштады. 14-июлда облустук жетекчиликтин координациялык кеңешинде да аталган маселе боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилген болчу. Бүгүн Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери кооптуу деп саналган сууга түшүүчү көлмөлөргө эскертүү тактайчаларын алгачкылардан болуп илип, көлмөлөрдү сууга түшүүгө ылайыктуу болгон жайларды толугу менен көзөмөлгө алды. Мындан ары облус аймагында 18ге толо элек өспүрүмдөргө ата-энесинин коштоосусуз өз алдынча сууга түшүүгө тыюу салынат", - деди Сарногоева.

Эскерте кетсек, 1-июлда Талас облусунун жергиликтүү телеканалынын жамааты "Беш-Таш" эс алуу коругуна барышып, 2 журналист сууга агып каза болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KDM.Asylbek
2017-07-19 02:01:55
Туура кыласынар 18ге чыкмайынча сууга тушууго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан