Биз социалдык тармакта

Чүйдө жол кырсыгынан 1 жүргүнчү каза болду

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгы адам өлүмү менен аяктады. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалымдалгандай, 17-октябрда Тойота Королла үлгүсүндөгү унаа сол тарапка кайрылып жатып карама каршы келе жаткан BYD E3 үлгүсүндөгү унаага жол бербей, кагылышкан.

Натыйжада Тойота унаасынын 77 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракатынан улам каза болуп, 79 жаштагы айдоочусу, 45 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алды. BYD унаасынын 35 жаштагы айдоочусу жана 42 жаштагы 2 жүргүнчүсү да ооруканага жеткирилди.

Кырсыкка кабылган унаалар айып короого киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан