ЖЫЛНААМА, 19-ИЮЛЬ: Саясий ишмер Мухтарбек Өмүракуновдун көзү тирүү болгондо 52 жашка толмок

Коомдук жана саясий ишмер Мухтарбек Өмүракунов 1965-жылы 19-июлда Ат-Башы районунда туулган. Ал 1989-жылы Фрунзедеги Политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн.

Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы 25-апрелде Кубага эс алууга аттанып, Варадеро курорттук аймагында жайгашкан “Салеман” отелине токтогон. 30-апрель күнү бийиктиги 3 метрлик океан толкуну жээктеги адамдарды сууга алып кетип, алардын арасында Мухтарбек Өмүракунов да болгон. 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 17:30да анын сөөгү океандын жээгинен табылган. Сөөгү 4-май күнү Кыргыз жерине алынып келинип, 5-май күнү акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгон. Ал эми 6-май күнү кичи мекени Ат-Башыга коюлган. 46 жашында дүйнө салган коомдук ишмердин артында 7 баласы калган.

19-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Revolyutsiya2
2017-07-19 12:54:46
ХХХ

Бул адамды мурун эле сыйлабайт элем, азыр тем более...
-3
admin_superstan
2017-07-19 14:02:58
Revolyutsiya2, ким бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-2
azamat1978
2017-07-19 14:03:16
Элдердин сүйгону
-1
ayjan_90
2017-07-19 14:22:53
Жаткан жери жайлуу болсун козу тируу болгондо баарын болгондой кылып эки ырчынын тирешине точка койгон болот эле
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан