Мындан 124 жыл мурун, 1893-жылы 19-июлда 20-кылымдын улуу акындарынын бири, орусиялык Владимир Маяковский Кавказда жарык дүйнөгө келген. Акындын ырларын моряктар, жумушчулар жана аскерлер жатка билишкен. Жарандык согуштун оор жылдарында китептерди басып чыгарууга кагаз жетишпей, көптөгөн басмаканалар иштебей токтоп калган. Ошондо Маяковский мыкты сүрөтчү катары плакаттарды тартып, аларга өзү учкул ыр саптарын жазган.
19-июлга карата жылнаама.