"2012-жылы Орусия Кыргызстанга гранттык негизде 25 миллион доллар каражат берген". Бул тууралуу бүгүн, 20-майда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн 2012-жылдагы иши жөнүндө маалымат берип жатып билдирди. “Ошондой эле Орусия 20 тонна буудай берген”,- деп кошумчалаган өкмөт башчы "Датка-Кемин" көмөк чордонунун курулушуна Кыргызстан Кытайдан 369 миллион доллар, Баткен-Исфана жолун оңдоого 129 миллион доллар насыя алгандыгын айтты.