Бишкектеги №47-абакта кичи футбол боюнча мелдеш өттү

18-июль күнү Бишкектеги №47-абакта кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Иш-чара Нельсон Манделанын эл аралык күнүнө карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Анда №47-абакта жазасын өтөп жаткандар арасында түзүлгөн 4 команда күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.

Айта кетсек, Нельсон Мандела 1918-жылдын 18-июль күнү жарык дүйнөгө келген. Ал актар менен каралардын бирдей укуктары үчүн күрөшкөндүгү үчүн кезинде 27 жыл түрмөдө отуруп чыккан. Адам укуктары үчүн аёосуз күрөшкөндүгүнө байланыштуу 1993-жылы "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 1994-жылы 10-майда Түштүк Африка Республикасынын 8-президенти болуп шайланып, бул кызматта 1999-жылдын 14-июнуна дейре отурган.

Нельсон Мандела 2013-жылы 5-декабрда саат 19:00дө Йоханнесбургдагы үйүндө көз жумган. Өлкө жарандары аны Африка элине азаттык тартуулаган лидер катары эскеришет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
keba300989
2017-07-19 10:41:50
Уюштуруучулар жакшы кылыпсыңар мага жакты аларды мына ушундай жакшы чөйрөгө тартса аларда деле өзгөрүш болот
+3
Baiaman07
2017-07-19 13:53:40
Абактагылар килейген килейген коркунучтуу кишилерго
-1
Baiaman07
2017-07-19 14:00:46
Азаматсынар уюштуруучуларга рахмат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан