Министр Талантбек Батыралиев өкмөттүк эмес уюмдарды Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз иштешүүгө чакырды

Өкмөттүк эмес уюмдар менен Саламаттыкты сактоо министрлигин коомчулук бир бүтүн мекеме катары кабыл алыш керек. Мындай пикирин бүгүн, 19-июлда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ВИЧ инфекциясынын жайылуу проблемалары жана аны менен күрөшүү жолдорун талкуулаган тегерек столдо билдирди. Министр өкмөттүк эмес уюмдарысыз саламаттыкты сактоо тармагынын мекемелеринин жумушу эффективдүү болбой турганын айтты.

"Биздин максат, милдеттерибиз бирдей. Андыктан бардык маселелерде чогуу иштешүүгө чакырам. Айрым маселелерди өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен чогуу чечсек болот. Сын болуш керек, бирок анын себеби, негизи болуш керек", - деди министр.

Тегерек столдун жүрүшүндө өлкөдө ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүп жатканы айтылып, көйгөйдү чечүү маселелери, каржынын жетишсиздиги талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан