18-майда АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн түрк тилдүү элдердин парадына 100дөн ашуун кыргызстандыктар катышты. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” бирикмеси билдирди. Иш-чарага катышкан кыргызстандык жарандарга Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн жана “Кыргызстан” деген жазуусу бар кызыл футболкалар акысыз берилип, параддын алдында мекенин сүйүүгө үгүттөп, атайын жаш балдарды катыштырышты. Кыргыз катышуучулар кыргыз музыкасынын коштоосунда параддан өтүштү.