Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө күбө катары көрсөтмө бериш үчүн Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Болот Шер жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев да келди.
Камчыбек Ташиев өз көрсөтмөсүндө "22-декабрь Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү болчу. Мен 21-декабрда эле куттуктап коёюн деп иш бөлмөсүнө кирдим. Бирок ал ордунда жок болчу. Кийин кечке чейин кабыл алуу бөлмөсүнөн жардамчым аркылуу сураштырып жаттым. Тилекке каршы, ал күнү жумуш ордуна келген жок" деди.
Исмаил Исаков 2010-жылдын 13-майында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чукул жыйынга чогулганын айтты.
"Себеби түштүктө эл облустук администрацияларды басып алышкан эле. Жыйынга Текебаев, Чотоновдор да катышышты. Кийин түштөн кийин саат бештерде Чотонов экөөбүз Ошко учалы десек, Ош аэропортуна таштарды төгүп коюптур дешти. Мен министрликке чалып тик учак даярдагыла деп айттым. Кийин учуп кеттик. Модин көрсөткөн кабинетте ал убакта Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Шаршенович отурчу", - деди Исаков.
Ал эми айыпталуучу Өмүрбек Текебаев 13-май тууралуу буларга токтолду.
"Ошол күндөрү чындыгында өлкөнүн түштүгүндө абал оор болчу. 13-майда жыйынга чогулганыбызда дароо эле чечим чыгаруу кыйын болгон. Биз "Исмаил ака, сизге жарым падышачылыкты берели, сиз барып түштүктөгү абалды басаңдатып бериңиз" дегенбиз. Түштөн кийин Дүйшөн экөө Ошко кетишкен".
Андан соң Абдыганы Эркебаев күбө катары көрсөтмө берди.
"2010-жылы Убактылуу өкмөттүн эмне жумуш кылганын так билем. Себеби мен аларга аралашып жүрчүмүн. Текебаев ал кездери Конституциялык реформанын үстүндө иштеген. Мен да реформаны жүргүзүүнүн мүчөсү катары жардам бергем. 13-май күнү өкмөт үйүндө жыйын болду. Ага Текебаев да катышкан. Түштөн кийин "Ак кемеде" Конституциялык реформа тууралуу тегерек столго чогулдук. Кабинет тууралуу айтсам, Текебаев отурган бөлмөдө мурда мен 5 жыл отургам. Модин көрсөткөн кабинет Текебаевдики эмес, ал Алмаз Атамбаевдики эле", - деди Эркебаев.
Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров дагы көрсөтмө берди.
"Убактылуу өкмөт 7-апрелде Форумдун имаратында түзүлгөн. Исаков экөөбүз кийин келип калдык. Кирип барсак эле Атамбаев "Ой, досум, кайда жүрөсүң?" деп эле мага "сен прокуратура менен сот тармагын тейлейсиң" деди. Мен күлүп "2005-жылга окшош го Бакиев да ошондо ушинтип айткан эле" дедим. Кийин ар бирибиз бөлүнгөн тармактар боюнча иштедик. Текебаевге Конституциялык реформаны жүргүзүү тапшырылды. Убактылуу өкмөттүн жалгыз мүчөсү эч кандай өз алдынча чечим чыгара албайт болчу. Чечимди биргеликте кеңешип чыгарчубуз. Мамлекеттик мүлк ал маалда экономикалык тармакты тейлеген Атамбаевдин колунда болчу. Мен өкмөт мүчөлөрүнө "2005-жылдагыдай рейдерлик басып алууга жол бербейбиз. Декреттер менен чечимдерди чыгарып, мамлекеттин карамагына алалы" дегем. "Альфа Телекомдо" Текебаевдин пайыздык тиешеси жок. Керек болсо 49 пайыз боюнча кагаздарды Башкы прокурор катары мен алып баргам буларга. Булар эч кандай "Альфа Телекомго" ээлик кыла алышпайт болчу. Себеби ал бирөөнүн менчиги болгон. Кийин сүйлөшүүлөрдүн жолу менен Максимге тиешелүү бөлүгүн мамлекетке алганбыз. 51 пайызга ээлик кылууга мамлекеттин укугу жок эле", - деди Бекназаров.
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.