Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык сотунда иш материалдарды териштирүү уланууда. Иш материалдарында "Текебаевге бир миллион доллар" бердик деген орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Текебаев жана Чотонов менен телефон аркылуу байланышта болгонун айткан көрсөтмөсү окулду. Текебаев анын айткандары калп экенин телефондук байланышты көрсөткөн манифест далилдеп жатканына токтолду.
"1-майдан 31-декабрга чейин Маевский менен эч кандай байланыш болбогонун телефондук байланышты көрсөткөн манифест далилдеп жатат. Манифестти карасак Чотонов да сүйлөшпөптүр. Мына, бул факт анын биз менен телефон аркылуу байланышканын калпка чыгарып жатат", - деди Текебаев.
Сот отурумунда ошондой эле "Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун жетекчисин дайындоодогу фактыларга басым жасалды. "Бул жерде "Текебаев менен Чотонов Модинди "Альфа-Телекомдун" жетекчилигине дайындоого аракет кылышкан. Ал үчүн акча алышкан" деп жазылып жатат. Бул калп. "Альфа Телекомдун" уставына ылайык акционерлер тарабынан коомдун жетекчиси бир жылда бир дайындалат. 2009-жылдын жаз айында А.Силич коомго башкы директор болуп келип, 2010-жылы бир жылдан кийин акционерлер анын ордуна башканы көрсөтүшү керек болчу. Коомдун уставына ылайык, башкы директорлукка талапкерди сунуштоо үчүн 1 ай мурун кат жиберилиши керек. Шашылыш болгон учурда 10 күн мурун жиберилет. Модинди биз көрсөтсөк анда ал күн тартибинде болмок. Анын талапкерлиги күн тартибинде жок болуп жатпайбы?!" - деди Текебаев.