Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы президенттик шайлоодо идентификация системиндеги кемчиликтер болбой турганын айтты

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев идентификация системиндеги кемчиликтер жоюла турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоого карата шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

"Борбордук шайлоо комиссия, жергиликтүү өз алдынча бийлик ар бир райондо жайгашкан штабдары менен биргеликте тизмени тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. БШКга биринчи тизмени 5-августта беребиз. Учурда тизмеден өзүн текшерүү үчүн 19 акысыз борбор иштеп жатат. Тиешелүү суроолор боюнча маалымат алса болот. Ошондой эле 119 номерине акысыз билдирүү жөнөтүп маалымат ала алат. Анда шайлоого катыша турган участокторунун дареги тууралуу маалымат берилет. Мындан тышкары 28-майда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон идентификация системи боюнча кеткен кемчиликтерди жоюу ишин алып барып жатабыз", - деди төрага.

Догоев биометрикалык каттоодон өтпөгөн жаран шайлоого катыша албай турганын эскертип, жарандарды каттоодон өтүүгө чакырды.

"Шайлоочу 2004-жылкы паспорттор менен шайлоо тизмесине кирет. Учурда миңге жакын жаран 1994-жылкы көк паспорт менен жүрөт. Алар Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-апрелден баштап жараксыз болуп эсептелет. Аны менен шайлоого катышууга жана мамлекеттик кызматка орношууга да мүмкүн эмес. 15-октябрда шайлоо күнү идентификация системи боюнча 9 500 оператор иштейт. Аларга 500 техника кызматкерлери жардам беришет", - дейт Дастан Догоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aman97kg
2017-07-19 12:50:27
Силер буларды коюуп биометрикалык паспортко жараны деген жазууну киргизип койгула чиптин ичиге емес
0
Aitunuk
2017-07-19 16:30:55
Бишкекте жашаган, катталган, мурдагы шайлоолордо пропискасы боюнча эле шайлап жүргөн адамдар негедир өткөн президенттик шайлоодо Алайдын бир айылдык шайлоо участкасынын тизмесинде же илгери 18 жашында биринчи жолу паспорт алган айылынын тизмесине, же такыр эле башка район, областардын тизмесинде жүргөнүн айтып, шайлоого катыша албай калышкан, ошол жасалма иш кайталанбайт деп ким гарантия берет.
0
Aitunuk
2017-07-19 16:35:11
Эң кызыгы, бир нече айдан кийин болгон депутаттык шайлоодо чакыруу барагы мурдагы эле участоктон келген. Мындай кемчиликтерге эч ким жооп да берген жок, кадыресе окуядай эле унутулуп калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан